Чүйдөгү 9 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Айдоочунун артында 5 баласы калды

Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө катталган үрөй учурган жол кырсыктан Honda Stepwgn унаасында бара жаткан 8 жүргүнчү жана айдоочу окуя болгон жерде жан берген. Үрөй учурган жол кырсыгынан Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын 6 тургуну көз жумганы кабарланган. Кызыл-Өргөрүш айылынын тургуну Назарбек Космосбек уулу аталаш тууганы, Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу К.С. тууралуу маалымат берди.

"Агам 1983-жылы туулган. Сегиз бир туугандын экинчиси эле. 4 жылдан бери Токтогулдун Кызыл-Өзгөрүш айылынан Бишкекке жүргүнчү ташып иштеп жаткан. Андан сырткары жумуштар чыгып калса иштеп калчу. Үч уул, эки кызы бар. Балдарынын улуусу 7-класста окуса, кичүүсү эми эле басып калды. Өзү айылдаштарын, туугандарын бириктирген айылдагы алдыңкы кишилерден болчу. Кырсык боюнча так эч нерсе айталбайм. Үйдөн чыгарда уктап эле чыккан. Ага чейин телефон аркылуу байланышып жатканбыз. Жол кырсыгына кабылат деп такыр ойлогон эмеспиз", - деди аталаш тууганы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Elnura_2322
2021-08-25 15:44:17
Жаткан жерлери жайлуу болсун! Аттин ай
+3
KG-312
2021-08-25 15:56:45
Короче Степ, Стрим айдаган Ош-Бишкек, Талас-Бишкек, Жалабад-Бишкек, Каракол-Бишкек и Токтогул-Бишкек таксисттерине мындай кырсыктар сабак болбойт окшойт. Мындай авария, өлүмдөрдү жолдордо күндө угуп, көрүп турушса да ойлонуп, өздөрүнө келбейт экен. Дагы деле миңге койуп баса баса айдашат.
+4
KG-312
2021-08-25 15:58:21
Тиги степ үчкө бөлүнүп, чачылып кеткен, демек ал дагы өпкөсүн колтуктап алып жаны чыккыча басканда Азраилвагонду, болбосо ошончолук болбойт эледа!
+3
aslan_akjol89
2021-08-26 01:04:28
Тооашуудан бери улам обгондоп,кууп айдап келе жаткан,газпромдо мен токтогом.Кайра чыгып келе жатсам ушундай иш болуп кетиптир деди бир брат.
0
Erkusha
2021-08-26 19:20:22
Мен Бишкектен Таласка баргыча келме оозуман тушпойт ооло катуу айдашат коркконумдан козду жумуп алам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан