Бишкекте 2 күндөн бери Айжаркын Макситалы кызы изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кыздын бир тууган агасы билдирди.
"Карындашым 20 жашта. Кечээ 23-августта 12:00-18:00 аралыгында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Биз жумушта болчубуз. Жанында телефону жок, эч кимдин номерин жатка билбейт. Көргөн, билгендер болсо кабарлап койсоңуздар, сүйүнчүсү бар", - дейт Айжаркындын агасы.
Айжаркын Макситалы кызынын өзгөчө белгилери: Бою: 170-175 сантиметр, арык, чачы узун.
Кийген кийимдери: көк жынсы, көйнөк, бутунда балетка.
Байланыш номерлери: 0771 22 22 41, 0552 34 33 74.