Армения: Күч түзүмдөрү аялдардын аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөөсүн көздөп жатат

Армениянын күч түзүмдөрү аскерге кыз-келиндердин санын көбөйтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Армения профессионалдык аскерге өтүп, аскерге чакыруу кызматынын структурасын өзгөртөт. Тактап айтканда, башка тармактын адистери келишимдик негизде кызмат өтөйт. Алар белгилүү бир күндөрдө кызмат кылышса, калган убакта өз иштери менен алектенишет.

“Аялдардын аскерде кызмат өтөөсү эч кандай идеологиялык максаттарды көздөбөйт жана алар эркектер менен бирдей негизде тапшырмаларды аткарбайт. Ал эми Армения согушууга жана аймактарды басып алууга ниеттенбейт”, - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, калктын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан