25-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 963 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлайт."Бүгүн, 24-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 963 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 328 метр куб, агып чыгышы 328 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 24-августта суу сактагычка суунун күндүк агып чыгышы киргенинен көп болчу.