Биз социалдык тармакта

УКМК: "Талас шаардык кеңешинин мурдагы депутаты эки айга камакка алынды"

Талас шаардык кеңешинин мурдагы депутаты эки айга камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө “алдамчылык” беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, издөөдө жүргөн Талас шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын экс-депутаты Ж.С. кармалды. Экс-депутат Ж.С. 2017-жылы алдамчылык жолу менен чет элдик инвесторлордон 7 миллион сомдон ашык суммадагы материалдык мүлктү жана каражаттарды тартып алганы аныкталган. Жыйынтыгында ал КИИМ тарабынан издөөдө жүргөн. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аталган экс-депутат Ж.С. 2021-жылдын 18-октябрына чейин УКМКнын тергөө камак жайында кармоо түрүндө баш коргоо чарасын карады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Hooligan
2021-08-25 09:50:56
КИИМ тарабынан издөөдо жүргөн?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан