"Талибан" кыймылы аларга достук мамиледе болду деген өлкөлөрдү атады

Ооганстандын бүтүндөй аймагына ээлик кылган "Талибан" кыймылы аларга достук мамиледе болду деген өлкөлөрдү атады. Бул тууралуу аталган уюмдун өкүлү Мухаммед Наимге таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

"Кытай биздин коңшубуз, биз бул өлкө менен жакшы мамиледебиз. Бул Орусияга дагы тиешелүү", - деген ал.

Мындан тышкары, Наимдин айтымында, талибдер Иран, Кытай, Пакистан жана Өзбекстан менен эзелки мамиледе жана бул өлкөлөр батыш өлкөлөрүнөн айырмаланып, талибдердин бийликке келгенине тынчсызданышпайт.

"Биз Ооганстанга коңшу өлкөлөр менен мамиле түзүп, ар дайым байланыштабыз жана алардын өнүгүшүн каалайбыз", - деп кошумчалаган "Талибан" кыймылынын өкүлү.

Эскерте кетсек, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ayzhan12
2021-08-25 13:36:42
Динди жактаган шариятчыл талибтер өлкөдөгү көйгөйдү чече албаарына көздөрү жетти. Айласы кетип Россия, Кытайга окшогон эзелки душмандарына көз каранды болууга барышууда. Талибтер эски диний, шарият түшүнүктөрдү элге үгүттөбөй, афган элинин светтик билимин көтөрүп, жаңы замандын билимин, илимин идеялогиясын үйрөтүү зарыл. Кыз-эркек деп экиге бөлбөй, экөөнө тең бирдей укук, эркиндик берип, жаны заманбап билим алууга жаштарды уйротуу керек. Болбосо шарият менен көйгөй чечилбейт.
-1
Danysh1
2021-08-26 00:30:17
ayzhan12,чачын койо берип жасалгап декой
0
emirchik
2021-08-25 23:12:37
Биз Кыргызстан Бандитер менен дос болбойле койдук
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан