"Керемет Банк" менен салыктарды саналуу мүнөттөрдүн ичинде төлөп калууга жетишиңиз

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктардын төлөө мөөнөтү жакындап келе жаткандыгын эсиңиздерге салат. Тагыраак айтканда, үстүбүздөгү апта кыргызстандыктар үчүн салыктык милдеттемелерди аткаруу боюнча акыркы жума болуп саналат: 1-сентябрга чейин – транспорт каражаттары, ал эми 2-сентябрга чейин кыймылсыз мүлк жана жер үчүн (короо жана бакча участкалары үчүн).

«Керемет Банктын» заманбап санариптик чечимине ылайык жер, турак жай жана транспорт каражаттары үчүн салыктарды уюлдук же интернет-банкингдерди пайдалануу жолу аркылуу төлөөгө болот. Онлайн-төлөм жүргүзүү үчүн «Салыктар жана айып пулдар» бөлүмүн табуу зарыл: интернет-банкингде – банктын расмий сайтына, уюлдук тиркемеде – «Төлөмдөр» баракчасына кирүү абзел. Андан соң салыктын түрүн тандоо – «Жеке жана ЖИ салыктары» - жана бош орундарды толтуруу менен салык төлөөчүнүн маалыматтарын киргизүү:

  • транспортко карата болгон салык үчүн – кыймылдуу мүлк катталган облусту, шаарды/районду, айылды/айыл аймакты, транспорт ээсинин ИННин, мамлекеттик номурун жана төлөө үчүн зарыл болгон салык суммасын көрсөтүү керек (салык кызматынын сайты аркылуу эсептеп алууга болот https://www.sti.gov.kg/);
  • турак жай салыгы жана жер салыгы үчүн кыймылсыз мүлк жайгашкан облусту, шаарды/районду/айыл/аймакты, ээсинин ИННин жана төлөм жүргүзүү үчүн зарыл болгон салык суммасын көрсөтөбүз.

«ТӨЛӨМ ЖҮРГҮЗҮҮ» баскычын басуу – болгону ушул! Жүргүзүлгөн төлөм үчүн алынуучу комиссия болгону 10 сом.

Текшерүүчү түзүмдүк бөлүмдөрдүн талабы боюнча көрсөтүү үчүн төлөм жүргүзүлгөндүгү тууралуу чекти басып чыгарып алуу зарыл.

Банктык карттары бар, бирок «Керемет Банкка» таандык банкинг системасына кирүү мүмкүнчүлүгү жок адамдар салыктарды төлөө үчүн экрандагы банктын кассаларын, банкоматтарды, төлөм терминалдарын пайдаланса болот.

«Керемет Банктын» негизги артыкчылыктарынын бири – бул төлөм картын заказ кылып жана интернет-банкингге кошулуу менен ким болбосун аралыктан туруп банк кардары боло алат. Он-лайн аркылуу башка дагы салык категориялары, айталы коммуналдык кызматтар, интернет-провайдерлер, уюлдук операторлор жана башка жабдуучулар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү ыңгайлуу.

«Керемет Банк» менен бирге накталай эмес түрдө төлөө менен сиздер өз убактыңыздарды үнөмдөп, социалдык контакттардын санын азайтууга мүмкүнчүлүк аласыздар!

Кеңири маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номурлары: +996 (312) 55 44 44, +996 (557) 55 44 44 (WhatsApp), ошондой эле call-center@keremetbank.kg электрондук почта аркылуу "Керемет Банк" ААК контакт-борборуна жана түздөн-түз тейлөө түйүндөрүнө кайрылсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан