Жалал-Абад облусунда тамеки тартуудагы этиятсыздыктан турак үй өрттөндү. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Кара-Көл шаарындагы турак үйлөрдүн биринде өрт чыгып, эки бөлмө, жыгач устундуу тунике жабылган тапчандын жана очоккананын чатыры күйдү.
Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 04:15те өрт чектөөгө алынып, саат 06:40та толук өчүрүлдү. Өрттүн себеби тамеки тартуудагы этиятсыздык", - дешти мекемеден.