Каралбай калган имараттын ичинен асынган абалда табылган. Балыкчыдагы жигит өлүмүнөн мурун эжеси менен урушуп кеткен

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында дайынсыз болуп изделип жаткан 18 жаштагы Азим Садырбеков аттуу жигиттин жансыз денеси табылганын жазганбыз. Милициядан окуянын чоо-жайын билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынын каралбай калган имаратынын ичинен мурда дайынсыз жоголгон баланын жансыз денеси асынган абалда табылган.

Балыкчы ШИИБинин башчысы Улан Кыдыргычевдин билдирүүсү боюнча, кечээ, 24-август күнү болжол менен саат 19:10 чамасында милицияга Судоремонт заводунун күн чыгыш тарабында жайгашкан эски, каралбай калган имаратынын ичинде 18-20 жаштагы белгисиз уландын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө кабар келип түшкөн.

"Аталган кабар боюнча окуя болгон жерге барышкан шаардык милициянын тергөө тобу, белгисиз улан имараттын ичинде арканга асынып каза болгондугун аныкташкан. Сырткы кароо жүргүзүү учурунда денесинен криминалдык тактар байкалган эмес.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын эмне себептен каза болгондугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон уландын аты-жөнү аныкталып, ал мурда дайынсыз жоголгон катары изделип жаткан 17 жашар С.А. болуп чыкты. Аны туугандары да тастыкташты", - дешти милициядан.

Шаардык милициянын жетекчисинин айтымында, 15-августта Балыкчы ШИИБине Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, анын С.А. аттуу уулу 13-августта болжол менен саат 11.00 чамаларында Балыкчы шаарындагы үйдөн чыгып, кайра кайтып келген эместигин маалымдаган.

"Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө ишинин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон уландын 27 жаштагы Э.С. аттуу эжеси күбө катары суралган. Күбөнүн көрсөтмөсү боюнча, анын иниси анын Балыкчы шаарындагы үйүндө убактылуу жашап, дүкөндөрдүн биринде иштеп келген. Ошол күнү алардын ортосунда, иниси ишинен дем алыш күн алгандыгы боюнча пикир келишпестик келип чыгып, анын натыйжасында эжеси инисин катуу урушуп койгон. Мындан улам иниси үйдөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес", - деп билдиришти Балыкчы ШИИБинен.

Учурда дайынсыз жоголгон жигиттин табылган сөөгү боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chagylgan7
2021-08-25 15:19:51
Балага озу переходный возрастта аяр мамиле кылыш керек.Чон жашоого кадам таштаган мезгилдер эн кыйыны.Тарбиялай албасанар психологко алып баргыла .Наристенин ан сезимин озунордун кара ойлорунар менен уулабай .
Кандай жаман соз айткан,жашоо кызыксыз болуп озун олтурушуно себеп болгудай
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан