Бишкекте "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык фестивалы өтөт

"Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" Х эл аралык кинофестивалы 14-17-сентябрь аралыгында Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында өтөт. Бул тууралуу продюсер Чолпон Идирисова билдирди.

Бул ирет фестиваль Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.

Иш-чара КМШнын Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Айтыш” коомдук фондунун колдоосу менен өтөт.

Фестивалдын расмий ачылышы 14-сентябрда саат 12:00дө "Манас" кинотеатрында болот. Ал эми 17-сентябрда фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталып, "Мыкты тасма", "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү", "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы", "Мыкты режиссёрдук иш" боюнча сыйлыктар тапшырылат.

Аталган фестивалда КМШ өлкөлөрү, Балтия жана Грузиянын белгилүү киноматографисттеринин тасмалары көрсөтүлөт. Бул жылы фестивалга катышуу үчүн 500дөн ашык билдирүү келип түшкөн.

Белгилей кетсек, кинофестиваль эки сынактык программаны камтыйт. Алар: көркөм, документалдык, анимациялык жана эксперименталдык жанрларды камтыган эл аралык жана улуттук кинолор болуп эсептелет.

Эске салсак, аталган фестиваль 2011-жылы белгилүү кинорежиссёр, продюсер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан