Тасмалардагы бир катар образдары менен белгилүү болгон актёр, "тамашоучу" Эмил Эсеналиев ырдоо жагынан да атаандаш боло алат. Ырдоону хобби катары санаган актёр көңүлүнө төп келген ырларды кавер аткарып, күйөрмандарына тартуулап турат. Бир күн мурда ал Ильяз Абдыразаковдун "Сагынамын сени" ырын кавер аткарып чыкты.
Угармандар Эмил Эсеналиевге "ырчы эле болуп алсаң болмок", "оригиналынан да жакшы аткарыпсың", "өзүң ыр жаздырып ырдап чыксаң хит болчудай" жана башка ушул сындуу жакшы пикирлерин калтырышууда.
Ал эми актёр ырдоого бала кезинен кызыгарын, хоббиси экенин, аны таштай албай турганын белгилеген. Төмөндө Эмил мырзанын ар кайсы убакта тартылган каверлерин топтодук.