Бишкек шаарында унаа менен алдамчылык кылууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Милициянын маалыматына караганда, 12-август күнү Ленин РИИБине калаа тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 9-июль күнү С. аттуу чала тааныш адам, арыз ээсинин ишенимине кирип Ош облусунан эки унаа алып келип берем деп 720 миң сом өлчөмүндө акчасын алып, качып кеткенин билдирген.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмыш ишине шектелип, 35 жаштагы Т.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийин Ленин райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап аны СИЗО-1ге эки айга камакка алуу түрүндөгү чечим кабыл алган. Учурда иликтөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.