Ысык-Көлдө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү (видео)

Ысык-Көл облусунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 24-август күнү саат 18:10 чамасында Түп районунда жааган жамгырдын кесепетинен Шаты айылында кокту-колоттордон келген суулар 2 турак үйдүн короолорун жана ички чарбалык жолду каптаган. Ошондой эле Балбай айылында кокту-колоттордон келген суулар көрүстөндү каптаган.
Учурда суу тартылып коркунуч жок. Тазалоо иштерине ӨКМнын Түп райондук бөлүмүнүн башчысы, 2 офицер, 3 кызматкер жана 1 жүктөгүч техника иш алып барган. 25-август күнү тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.
Ысык-Көлдө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен турак үйлөрдүн короолорун, мүрзөлөрдү, жолдорду суу каптады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан