Коронавирус: Дүйнө жүзү боюнча беш миллиарддан ашуун адам эмдөөдөн өткөнү айтылды

Дүйнө жүзү боюнча коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн адамдардын саны беш миллиарддан ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эмдөөнүн жарымын эки өлкө - Кытай (1 миллиард 960 миллион) жана Индия (590 миллион) түзөт. Ошондой эле канча адам эмдөөнүн толук курсун аяктаганын аныктоо азырынча мүмкүн эмес, анткени көптөгөн өлкөлөр COVID-19 вакциналарынын тастыкталган дозаларынын жана берилген эмдөөлөрдүн санын гана билдиришет.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун окумуштуулары коронавируска каршы эмделген жана эмделбегендердин ооруканага жатуу ыктымалдуулугун салыштырышкан. Июль айынын аягында Лос-Анжелесте COVID-19 оорусу тууралуу отчётко ылайык, эмделбеген бейтаптар үчүн ооруканага баруу коркунучу эмделген бейтаптарга караганда 29 эсе, ал эми коронавируска чалдыгуу коркунучу 5 эсе жогору болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан