Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы эс алуу багында республикалык кол өнөрчүлөрдүн "Шырдак" жана "Оймо" фестивалдары өтүп жатат.
Маалыматка ылайык, фестиваль 23-августта башталып, бүгүн, 25-августта жыйынтыкталат.
Аталган фестивалга катышып жаткан Жазгүл Жамсап кызы SUPER.KG порталына буларды билдирди.
"Быйыл бул фестивалдын өтүп жатканына 10 жыл болуптур. 7 облустан кол өнөрчүлөр катышып жатат. Уюштуруу деңгээли дагы мыкты. Абдан сонун өтүүдө. Мен дагы Нарын облусунан катышып жатам. Өзүм мектеп убагынан баштап кол өнөрчүлүк менен алектенем. Азыр дагы колумдан жаралган эмгектерди алып келдим", - деди Жамсап кызы.