Биз социалдык тармакта

Өлкөнүн кайсы аймактарында жаан жаайт? Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 26-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +30…+35;

Талас жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +27…+32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +23…+25 градуска чейин жогорулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан