Биз социалдык тармакта

Бишкекте 21 жаштагы Шүкүрбек Салибраимовду туугандары 9 күндөн бери издеп жатат

Бишкек шаарында 21 жаштагы Шүкүрбек Салибраимов аттуу жигит дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын бир тууган эжеси билдирди.

Анын айтымында, иниси 17-август күнү болжол менен түнкү саат 00:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

"Жанында документи дагы, телефону дагы жок. Дайыма дайынын айтып бизди кабардар кылып турчу, бул жолу 9 күндөн бери такыр байланышка чыккан жок. Инимдин бою 175-180 сантиметр, арык чырай, чачы кара, көздөрү кара. Ал кара түстөгү спорттук кийим, боз түстөгү бут кийим кийип жүргөн", - деп билдирди ал.

Мындан сырткары, Салибраимовдун эжеси милицияга арыз жазганын кошумчалады.

Жакындары сүрөттөгү жигитти көрүп же тааныгандар болсо, төмөнкү номерге кабарлап коюуну суранышат. Байланыш номери: 0554 989 410.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан