10-ноябрь КРнын аймактык тескөөчүлөрүнүн кесиптик майрамына карата Бишкек шаарында белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун уулу Санжар Абдыжапаров тарткан “Участковый” аттуу кыргыз милициясы тууралуу тасманын ачылышы болот. Бул тасма чындыкты алдыга коюп, милицияны уяткара турган дагы, милицияны сыймыктандыра турган дагы окуяларды камтыган. Эскерте кетсек, бул тасма кыргыз милициясынын жашоо-турмушун чагылдырган ата мекендик тасмалардын алгачкысы жана Чүй ОИИББинин демилгеси менен тартылган.