Түркияда блогер TikTok тиркемесине видео тартып жатып каза болду (видео)

Кубра Доган аттуу түркиялык блогер TikTok тиркемесине видео тартуу учурунда каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, блогер TikTok видеосун тартуу үчүн аталаш сиңдиси Хелен менен үйдүн чатырына чыгышкан. Алар күндүн батып бара жатканын чагылдырмак болушкан. Видеону тартуу учурунда Доган кокусунан начар орнотулган чатырга чыгып алып, 50 метр бийиктиктен кулап кеткен. Кыз алган оор жаракатынан улам "Тез жардам" кызматы келгенге чейин көз жумган.

Каза болгон блогердин агасы Неби Доган чатырды орноткон жооптуу уюмду сотко берерин билдирген. Ошондой эле компания жоопко тартылмайынча ишти жөн койбоорун кошумчалаган.

Эскерте кетсек, буга чейин индиялык 20 жаштагы жигит TikTok тиркемесине видео тартуу үчүн сальто жасоого аракет кылып, моюну менен жыгылган жана омурткасына залал келтирген. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн сегиз күн күрөшүшкөн, бирок жигит каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Antiradikal3
2021-08-25 17:04:34
Хайп кылам дегендерге сабак болсун.....

Негизи эле биздин Анжелика, Самара, Чыпалак, Асел менен Нурлан Насип, Айдана Дека, Гулзат Мамытбек, Мотуевдер да ошол чатырда кошо болуп калышпаптыр...... Алар жок жашообуз тынч болмок......
+6
KG-312
2021-08-25 17:24:47
Antiradikal3, На оборот ушулар бар жашоо кызык)).
-5
Baktikan
2021-08-26 10:11:12
Antiradikal3,ALLA deniz~biroonun olumun tilegiche ozundun omuru tile degen kep bar~sizdin jashoonuzga alardin kandai ziyani tiyip jatat?koro albastik da ozunun ordu menen bolso
0
KG-312
2021-08-25 17:25:45
Тиктокчулар баарың эле ушинтип чатыр, жар, тоо-поодон кулап түшүп эле азайып жоголгулачы, надоел уже силердин мусорлоруңардан!!!
+8
Mylatka..
2021-08-26 08:33:36
Атасы кызыкко ,урусу күч болмо ээси доого жыгылат болуп,ал чатырга ошолор алпарып чыгаргандай док кылышыптырго ..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан