Иттер ымыркайдын колу менен башын чайнап салган делген Аксыдагы окуя. Баланын энеси табыла элек

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылында жаңы төрөлгөн ымыркайдын иттер тиштеген жансыз денеси табылганы тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын атын атагысы келбеген тургуну билдирген эле.

Окуя ушул жылдын март айында болгон, андан бери алты айга жакын убакыт өттү. Бүгүн, 25-августка карата ымыркайды таштаган эне табыла элек. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

10-март күнү Аксы РИИБине Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынан эч ким жашабаган үйдүн короосунан ымыркайдын жансыз денеси табылгандыгы кабарлаган.

Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгып кароо жүргүзгөндө эркек ымыркайдын жансыз денеси жылаңач, бети жана колдору жарым-жартылай тытылган абалда табылган. Бул факты Аксы РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulina90
2021-08-25 17:28:23
10-март
0
elinur
2021-08-25 17:57:57
Тооба бироого зар бироого кор дуйно деп ушуну айт. Кее бир эже синдилерибиз уул балага зар какшап журушот. Аллахым ар бирибизге ыйман-ынсап берсин
+8
raikakyz
2021-08-26 09:24:00
Мыкаачы! Таштагандан кийин үйдү такылдатып белги берип же карап турбайт белең, наристенин чоң убалына калыпсың акмак! Балага зар болуп өтөсүң эми. Тобоо тобоо, Кудай сактасын мындайдан, байкуш наристени элестетип эзилип кеттим.
0
Rifle_I
2021-08-26 20:23:28
Себебин го билбейбиз. Бирок буд кабарды апасы окуган болуш керек. Аябай чоң психикалык нагрузка болуп жатса керек.
Бирок ушул баланын атасы жүрөт эч нерседен кабатыр болбой. Биз эркектер өзүбүз бузулдук. Анан кыздарыбызды бузуп, жардамга муктаж учурда таштап кетип, айласыздан ушундай кадамга барууга түртүп жатабыз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан