Биз социалдык тармакта

Спортчу Акжол Махмудовдун трикосун сатып алган Эрлист Акунбеков: "Мен кайрымдуулукту колдодум"

Бүгүн, 25-августта Ысык-Көлдө өткөн форумда спортчу Акжол Махмудовдун трикосу 26 миң долларга сатылды.

Аны "Бай дыйкан" айыл чарба колдоо долбоорунун жетекчиси Эрлист Акунбеков сатып алды.

"Мен Акжол Махмудов трикосун аукционго койгонун укканда колдогум келген. Бабур Төлбаев Ысык-Көлгө чакырган. Акжолдун келерин келгенден кийин уктум. Жалпы чогулган 26 миң доллардын көбүн, тактап айтканда, 6,5 миң долларды берип жеңип алдым. Кеп кийимде эмес, мен кайрымдуулукту колдодум. Аны эмне кыларым али белгисиз", - деди Акунбеков.

Акжол Махмудов өзү 1 миң доллар кошуп, чогулган акчанын 60 пайызы Аруузатка, 30 пайызы кайрымдуулукка, ал эми 10 пайызы ак илбирсти коргоого жумшаларын айткан. Форумдун коноктору 100 доллардан 5 миң долларга чейин каражат чогултушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
IOA
2021-08-25 19:45:57
Молодец
+12
zhaynak
2021-08-25 19:58:33
Аллах ыраазы болсун. Балдарыныз Акжолдой жана башка олимпке барган балдардай, кыздарыныз Айсулуу, Мээрим, Айперидей кайраттуу, олконун желегин бийик которгон даражадагы адмдардан болсун.
+21
suban78
2021-08-25 20:06:36
Авитого же лалафого коюп кор, кымбатырак ала турган клиент чыгып калса ажеп эмес
-22
Merch
2021-08-25 21:12:04
Сактап коюңуз, кийинчерээк аукционго коюп сатып жибересиз.
+3
Aidar.001
2021-08-25 22:16:38
Прокатка берсениз чыгат акчасы
+1
Uli6886
2021-08-26 10:57:58
Бай Дыйкандан алган уруктарыбыз жакшы болбой, умуттор акталбады дагы гарантиясы менен берип анан болбой калса мойундарына алышпайт экен. Кыскасы кымбат алган уруктардын акчасына Эрнис агам жакшы кайрымдуулук ишине жумшаптыр а то нааразы элем))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан