Москвада мигрант айымдардын сулуулар конкурсу өтөт. Бул тууралуу Орусиянын мигранттар федерациясынан билдиришкендиги жазылат орусиялык маалымат каражаттарында.
Маалыматка ылайык, бул конкурс өзүн көрсөтүү жана мекенин таанытуу үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк. Аталган сулуулар конкурсунун максаты көрүүчүлөрдү Орусияда жашап жаткан сулуу мигрант айымдар менен жана көп улуттуу өзгөчөлүктөр менен тааныштыруу.
Конкурстун жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланат. Конкурс 4 тандоо турунан турат, 9-октябрда финалдык баскыч өтүп, жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды сыйлоо аземи болот. Орусиянын башка региондорунан келген катышуучулардын билет акысын жана конкурс аяктаганга чейинки убактылуу жашай турган жайдын акысы уюштуруучулар тарабынан каржыланат.