Бүгүн, 26-августтан тарта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин Кубогунда Жогорку Лиганын алгачкы оюндары башталат.
Жогорку Лига "А" жана "В" тайпаларына чүчү кулактын негизинде бөлүндү.
"А" тайпасы: "Достук", "Кара-Буура", Сары-Өзөн";
"В" тайпасы: "Ынтымак", "Жаш Күч", "Ала-Тоо".
Бүгүнкү оюндар - саат 13:00: "Достук" - "Кара-Буура";
Саат 14:20: "Ынтымак" - "Ала-Тоо".
Мындан тышкары, Эл аралык Лигада Өзбекстан курамасы "Москва" командасы менен ойнойт. Бул оюн саат 10:00дө башталат.