2 күнгө созулган кыргыз, казак "Сармерден" оюну жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган кыз-жигиттердин "Сармерден" оюну ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Саамалыктын жүрүшүнө коомдук-маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук да күбө болду. Кыргыз жигиттери менен казак кыздарынын ортосундагы оюнга атайын калыстар тобу түзүлүп, Казакстандын жана Кыргыз Эл артисттери менен толукталды.
Манас, төкмөлүк өнөр, ашыктык жана достук ырлары, бий, макал жана жаңылмач айтуулар элдин бүйүрүн кызытып, иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Казакстандын маданият жана спорт министринин орун басары Нуркиса Дауешов катышты.
Эске салсак, 24-август күнү кыргыз кыздары менен казак жигиттери ортосунда айтыш өткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан