Ооганстанда орун алган акыркы окуялардын кесепетинен улам өлкөдө ачарчылык болушу ыктымал. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бизлиге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, азыр качып кетүүгө аракет кылгандарга көп көңүл бурулуп жатканы менен калган калк үчүн ачарчылык, оору жана куугунтук коркунучу жогорулоодо деген Бизли.
Андан сырткары бир нече жылдан бери уланып келген куралдуу чыр-чатактардын, кургакчылыктын жана коронавирус пандемиясынын айынан экономика алсырап, Ооганстанга "бороон" келери айтылган.