Биз социалдык тармакта

Ооганстандан дагы 10 Кыргыз жараны эвакуацияланып, Кант шаарына жеткирилди

Орусиянын көмөгү менен Кант шаарына дагы 10 Кыргыз жараны Ооганстандан эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында Орусия атайын авиабортту уюштурду. Натыйжада 25-августта Ооганстандан 10 Кыргыз жараны, анын ичинде жашы жете элек балдар "Кабул-Кант" каттамы боюнча алып келинди", - дешти министрликтен.

Муну менен 25-августка карата Ооганстандан Кыргыз Республикасынын 36 жараны эвакуацияланды.

Ооганстандагы туруксуз кырдаалга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча иштерди улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
portugalia
2021-08-26 14:49:51
Ушул Афганистандын качкындары ар жерлерде кобойо башташты го.Лагер болбосо деле бтздикилер киргизип жатышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан