Биз социалдык тармакта

Ош шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов шайланды

Ош шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов шайланды. Маалымат Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Урмат Аттокуров тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, бүгүн, 26-августта Ош шаардык кеңешинин жыйыны болуп, анда мэрдин талапкерлиги каралды. Жыйынга катышкан 45 депутаттын 43ү Алмаз Мамбетовдун талапкерлигин колдосо, экөө каршы болду.

Шайлоо жыйынтыкталган соң шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жаңы мэрди кызмат орду менен куттуктап, депутаттардын атынан ишине ийгилик каалады.

Өз кезегинде Алмаз Мамбетов ишеним артып шайлаган шаардык кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирип, бир катар келечек пландар менен бөлүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Apyn8793
2021-08-26 11:34:52
Эми Ош мэриясынын баардык аялдарынын тошторун кармалап чыгат экен да кууратып.
+1
nargiz-sa
2021-08-26 12:35:37
Бир да альтернатива жок, программасын толук угуп анализдебей туруп өтттө ынтымак менен шайлап берген депутаттарга баракелде. Азчылык коалицияны түзгөн партиялар да жок дегенде укуктарын колдоно алышпады. Бул келген мэр деле мурунку мэрдин ишин улантам деп убадасын берди бирок мурунку мэрдин ал иштерине каршы чыккандардан азыркы депутат болуп келгендер да бар. Муну позициясы жок десек болобу же коркоктукбу? Иши кылса аман болушсун
+4
nargiz-sa
2021-08-26 12:38:17
Силерди шайлаган элдин ишенимин өлтүрдүңөр дейин десем, ишенимди сатып алгансыңар да. Ош шаардык кеңешине өткөн 4партия тең добуштарын сатып алышкан. Добушун саткан элдин ишенимин уруп да ойношпойт да эми
+4
Dembele84
2021-08-26 12:45:51
Садыр алып келип коюп жатса,мындан башка ким кандидатын койо алат эле.Баарибир ушул адам шайланат деп тим болушту да
+3
Antiradikal3
2021-08-26 13:39:46
Мэрлердин шайланышына Жапаровдун туздон туз кийлигишуусу болгонун жон адамдар эмес, доопарастар да тушунуп жетти....... Дакансаларды кошпогондо.......
+3
NURSAPAR
2021-08-26 15:24:23
Бир жакшы иштеп жаткан адамдарды не алмаштырышат?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан