Жай ыргактагы музыка, жетине албай чуркаган секелек, аны күткөн жоокерлер Володимир Зеленскийди ыйлатты (видео)

Ушул аптанын шейшембисинде, 24-августта Украина Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгиледи. Бул күндүн урматына Киевде ири парад өттү. Параддын уюштуруучулары өлкө башчысы Володимир Зеленскийден тартып көпчүлүк көрүүчүлөрдүн көзүнө жаш алдырган перформанс (көркөм-театрлаштырылган аткаруу) даярдаган.

Перформанс парад алдында элге көрсөтүлгөн, анда Украинанын 30 жыл аралыгында басып өткөн жолу театрлаштырып көрсөтүлүп, соңунда гүл кармаган секелек кыз Киевдин башкы кең көчөсүндө музыканын коштоосунда басыгын улам ылдамдатып чуркайт.

Аны аскер формасындагы адам күтүп алат. Сезимди кытыгылаган бул спектакль учурунда Украинанын президенти Володимир Зеленскийге таасир бергени жана ал көз жашын жашыра албаганы видеодон көрүнгөн.

Жергиликтүү маалымат булактары бул учурда өлкөнүн биринчи айымы да көз жашын сүртүп отурду деп жазышкан. Ушул тапта видеонун мындай таасирдүү үзүмү интернет айдыңына тарап, миңдеген комментарийлер жазылууда.

Алдыда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү, ага саналуу күндөр калды. Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул күнү өлкөдө өтө турган иш-чаралардын программасын жарыялаган.

Володимир Зеленскийди ыйлаткан секелек
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal3
2021-08-26 15:47:08
Ар бир олкодо ушундай патриоттор коп болсун. Бул патриоттуулук сезиминен улам чыккан коз жаш..... Биздикилерде бул сезим жок да болсо керек........
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан