Бүгүн, 26-августта Бишкек шаарынын жаңы шайланган мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйын берүүдө. Мэрге журналисттер тарабынан "Бишкектин мэри болгондон коркпойсузбу?" деген суроо берилди.
Ал буга чейин өзүнө бул боюнча суроо бергенин айтты. "Карышкырдан корксоң токойго барба деген сөз бар. Мен дагы бир жолу кайталап айтып коёюн. Мен эч качан эч кандай кызмат сурап, тандаган да эмесмин. Берилген кызматты мыйзам чегинде аткаргам. Менин жеке эч кандай кызыкчылыгым жок. Шайлоо учурунда дагы айткам, менин бизнесим жок. Ишти мыйзам чегинде алып барам", - дейт мэр.