Бүгүн, 26-августта Ысык-Көл облусунун Корумду айылында ММА боюнча Азия чемпиондугу старт алды.
Азия чемпиондугу 26-августтан 29-августка чейин өтөт. Азия чемпиондугуна жалпы 12 өлкөдөн 140 мушкер катышууда.
Ачылыш аземге "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов дагы катышып, мушкерлерге ийгилик каалады.