
Орусияда жумуш берүүчүлөр тарабынан паспорттору алынган 18 Кыргыз жараны документтерин кайра алышты. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, мигранттар паспортторун кайтарып алууга көмөк сурап кайрылуу жасашкан.
"Консулдук бөлүмдүн кызматкерлери Калуга облусунун Балабаново шаарына барышкан. Анда ушул жылдын 17-майында 18 Кыргыз жаранынан турган топ Бишкектен Балабанового иштөө үчүн бейтааныш аял аркылуу келгени аныкталган. Алар Орусияга келгенде Айнагүл аттуу аял аларды "Шереметьево" аэропортунан тосуп алып, Балабанового алып келгенден кийин паспортторун алып кеткен. Мигранттар "Техмашимпекс" компаниясында эки ай иштешкен.
24-августта элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлеринин жардамы менен паспорттор ээлерине кайтарылып берилди", - дешти маалымат кызматынан.
Кыргыз жарандары менен Орусиянын эмгек мыйзамдарынын маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мыйзамсыз миграцияны уюштурууга жол бербөө максатында Орусия менен Кыргыз мамлекетинин укук коргоо органдары аркылуу улантыларын кошумчалашты мекемеден.