Бүгүн, 26-августта Ысык-Көл облусунун Корумду айылында ММА боюнча Азия чемпиондугунун ачылыш аземи өтүп, мелдеш расмий түрдө ачык деп жарыяланды.
12 өлкөдөн келген 140 мушкерлер беттешти баштады. Беттештер 3 рингде өтүүдө. Азырынча бир дагы кыргыз мушкери жеңишке жете элек.
Азия чемпиондугуна конок катары UFC уюмунун мушкери Рафаэль Физиев дагы конок катары катышууда.