Чүйдө газ түтүгү жарылып, 4 үй өрттөнүп, күйүк алган адам ооруканага жеткирилди
Чүйдө турак үйлөрдүн биринде газ түтүгү жарылып, өрт чыкты. Анын кесепетинен 1 адам 3-даражадагы күйүк алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкан.
Мекемеден билдиргендей, бүгүн, 26-августта Пригородное айылындагы турак үйдө жаратылыш газ түтүгү жарылып, өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, саат 11:35те өрт чектөөгө алынып, 14:16да толук өчүрүлдү.
"Кырсыктын кесепетинен 4 турак үй күйүп, болжол менен 45-50 жаш чамасында эркек киши үчүнчү даражадагы күйүк алып, ооруканага жеткирилди", - деп айтышты маалымат кызматынан.
Автор: Бактыгүл МомбековаФото: ӨКМнын басма сөз кызматы