"Талибан" кыймылынын өкүлү Забихулла Муджахид Батыш өлкөлөрүн Ооганстандан квалификациялуу ооган адистерин эвакуациялоодо айыптады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
"Алар биздин өлкөнүн иштерине кийлигишпеши керек жана адамдык ресурстарыбызды: дарыгерлерди, профессорлорду жана Ооганстанда бизге керек болгон башка адамдарды алып кетпеши керек. АКШга барганда алар идиш жуугуч же ашпозчу боло алышат. Бул адамгерчиликке жатпайт", - деген Муджахид.
Мындан тышкары Муджахид талибдер эл аралык коомчулук менен жакшы мамиледе болот деген үмүтүн билдирип, террорчулукка каршы күрөшүү, апийимди жок кылуу жана Батышка качкындардын санын азайтуу багытында кызматташуу керектигин баса белгилеген.
"Талибан" кыймылы Кабулдагы эл аралык аэропортко чет элдик жарандарды гана өткөрүүдө.
Эскерте кетсек, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.