Биз социалдык тармакта

Ажолордун сүрөтүн тарткан Таалайбек Усубалиев: "Сүрөттү сатып алам дегендер чыгып жатат"

24-августта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата "Жаңы Соцреализм-2" көргөзмөсү ачылды. Сүрөтчү Таалайбек Усубалиев социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан "Ата Бейит" сүрөтү боюнча SUPER.KG порталына өз оюн билдирди.

Анын айтымында, сүрөттү коомчулук туура эмес кабыл алган, ал болгону өлкө башчыларын биримдикке чакыргысы келген.

“Бул сүрөттү тартууга өлкө тарыхындагы революциялар түрткү берди. Азыр көбү Кыргыз мамлекетинин биримдиги бузулуп, чачырап кетсе экен дегендер. Ошол себептүү мен өлкө келечеги үчүн бардык саясий күчтөрдү ынтымакка чакыруу максатында бул сүрөттү тарткам", - деди.

Ал сүрөттү жаратууда кыйынчылыктар болгонун айтат.

"Сүрөттү тартуу үчүн көп изденүүгө туура келди. Президенттердин боюнан тарта кийим, галстугуна чейин окшоштурууга болгон аракетимди жумшадым".

Айтмакчы, сүрөттүн аркасындагы булуттун чагылдырылышынан өлкөнүн картасын көрүүгө болот. Сүрөтчү муну менен өлкө экономикасынын көтөрүлүшүн каалагандыгын айтты.

"Сүрөткө чет мамлекеттин кызыккан жарандары бар. Орто Азияда ушундай картиналар тартыларына таң калгандар да жок эмес. Казакстан, Өзбекстандагы кесиптештерим: “Таалай, биз мындай сүрөттөрдү тарта албайбыз. Тарткан күндө да бизге уруксат жок. А силерде чын эле демократия бар экен” деп чалып жатышат. Ал эми сүрөттү сатып алам дегендер да болуп жатат. Бирок мен Кыргыз жергесинде эле калса экен деп тилейм”, - деп кошумчалады.

Ошондой эле Бишкек шаарынын тургуну Асанбердиев Назил сүрөт боюнча төмөндөгүдөй пикир калтырды:

"Мен бул сүрөттөн ажолорубуздун үстүндөгү сур булуттарды байкадым. Анда көрүнгөндөй, ар бир президенттин үстүндөгү сур булут өзүнчө маанини камтыйт. Ошондой эле мурунку президент Курманбек Бакиевдин галстугунун кызыл өңдө болушу, ошол убактагы канчалаган жаш жигиттерибиздин өлүмү, каны менен байланыштуу болгондугунан кабар берет. Мындан тышкары өлкөбүздүн буга чейинки беш президенти жерди карап, элдин астында уялышууда. Азыркы учурдагы ажобуз Садыр Жапаров элди карап турат. Эл менен иштешип, мамлекетибизди өнүктүрөт деп терең ишенем. Бул сүрөттүн мындан аркы уландысын да көргүбүз келет", - деген пикирин айтты.

Сүрөтчү ага улай эле "Токио-2020" Олимпиада оюнуна карата тартылган сүрөт боюнча мындай деди:

"Сүрөт толугу менен бүтпөй калды. Сүрөттүн эки жагына Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазарованы кошоюн дегем. Бирок жетише албай калдым. Буюрса, толук сүрөттү кийинки көргөзмөгө коём. Эл аянтка чыгып, баатырларыбызга күч-кубат бергенин тарткан сүрөтүм аркылуу чагылдыра алдым деп ойлойм".

Эскерте кетсек, маалымат булактары Таалайбек Усубалиевдин бул сүрөтү көргөзмөдөн алынарын жазып чыгышкан. Ал эми сүрөтчү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев менен жолукканын айтып, эч кандай кысым көрсөтүлбөгөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, сүрөттү тартууга бир жылдык эмгек кеткен.

Таалайбек Усубалиев: "Бул сүрөттү тартууга өлкө тарыхындагы революциялар түрткү берди" (1)
Таалайбек Усубалиев: "Бул сүрөттү тартууга өлкө тарыхындагы революциялар түрткү берди"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Mister-XXX
2021-08-26 19:24:24
К.Бакиев мыкты президент болгон.Кандай десенер ошондой дегиле.
+5
Antiradikal3
2021-08-26 19:36:57
Mister-XXX, Бакиев биринчиден ууру, экинчиден канкор болгон. Учунчудон арты бок, качып журот чет жерде. Элге жакшы кызмат кылса эл кууп чыкмак беле? Элге тезек жактырып, ар алоо дегенге 60 тыйындан алып ото эле кооп кетти болчу, туугандары, баласы менен чогуу Кыргызстанды каалагандай калчап.........
0
Rifle_I
2021-08-26 20:12:34
Mister-XXX,
-4
KG_CH
2021-08-26 20:35:15
Mister-XXX,эшшшек!
+1
raikakyz
2021-08-27 00:28:38
Mister-XXX,Кошулам
+3
Antiradikal3
2021-08-26 19:39:21
Суротчу азамат. Сур булут алтоонун тен башында бар. Экоо бозгун болуп журот. Бироо абакта. Отунбаева менен Жээнбеков да жооп берчу кун келет. Жээнбековдун иниси уже суракта. Убак сааты келип Жапаров озу да жооп берчу кун келет. Ал кун да алыс эмес....

Ар бири кылган иши учун окунуп жооп берчу кун алдыда.........
+4
nazira...
2021-08-26 20:32:02
Antiradikal3,өттө начар адам экенсин
-6
Antiradikal3
2021-08-26 21:32:01
nazira..., Чычалабачы ажайып серт даканса.......
+1
Real98
2021-08-26 21:12:45
Бакиев эркек болчу...
-5
ulanbek2000
2021-08-26 22:17:13
Садырды корсом аллергиямын
+2
tsunse
2021-08-26 23:29:05
Озу бул сурот провокация жараткан сурот болуптур. Бул сурот боюнча оюму айтсам, андай деле тан калыштуу иштеген эмес художник. Мааниси похоронго окшош какой-то. Арасында не достойные люди есть. Элдер бири жакшы бири жаман деп. Уруша кетейин дешиптир. Художник хайп кылыптыр. Элдер буну коруп, болунуп калышат, экиге, бешке. Бирин бири жамандап. Лучше убрать это негатив. И жить мирно.
0
Antiradikal3
2021-08-27 00:14:14
tsunse, суроттогу алтоо тен КЫРГЫЗ Элинин ДУШМАНЫ! Алтоонун тен Кыргызстанга пайдасынан зыяны коп болду. Кыргызстанды каалагандай калчап тоноп уурдашты. Алтоо тен окшош, эч бири жакшы эмес.

Эми айрым дакансалар ал жакшы, бул жакшы болчу деген менен чындык озгоруп кетпейт. Алтоо тен Кыргызстанды коррупциянын сазына батырып тунгуюкка суйрогондор......
0
Alia82
2021-08-27 10:14:46
Атана наалат суротун такыр жаапады, бутундой олкону негатив суротко тушургону кандай акын бар, атан менен апанды тартабер ошентип, а олкобуз осуп онуккон сонун гулдогон олко болсун , оомиин!!!
+2
CAPATAH
2021-08-27 15:21:39
Бакиев эркек эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан