Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын 32 пайызы өлкө башчы Садыр Жапаровго ишенет. Мындай изилдөөнү Бишкектеги Эл аралык республикалык институт жүргүзгөн.
Маалыматка ылайык, изилдөөгө Кыргыз өлкөсүнүн ар кайсы бурчунан жалпы 1211 жаран катышкан. Катышкандардын көпчүлүгү Садыр Жапаровго ишеним артышкан. Сурамжылоодо экинчи орунга УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жайгашты. Ага 24 пайызы ишенимин билдиришкен.
Калган саясатчылардын бири дагы 10 пайызга жеткен эмес.
Сурамжылоого катышкандардын 20 пайызы эч кимге ишенбей тургандыктарын айтышкан.