Эртең, 27-август күнү Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкектеги эски аянтта "Достук" фестивалы өтөт. Бул тууралуу Чүй облустук театрдын жетекчиси Азамат Болгонбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөттөрдү жүктөдү.
Билдирүүгө ылайык, иш-чараны Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз элинин ассамблеясы уюштуруп жатат.
Буга чейин милициянын кайгуул кызматы Турдакун Усубалиев атындагы аянттын айрым көчөлөрү бүгүн, 26-августта саат 17:00дөн тартып 22:00гө чейин убактылуу жабыла тургандыгын билдирген.