Бишкекте унаа сүзүп, оор абалда ооруканада жаткан 13 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык №4 ооруканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-августта ал каза болду. Учурда Бишкек ШИИББи бул жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин козгоду.
23-августта болжол менен саат 11:00 чамасында Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаа Чүй көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, №111 үйдүн тушунан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 2008-жылы туулган жөө жүргүнчү оор абалда Бишкек шаардык №4 ооруканага жеткирилген.