Биз социалдык тармакта

Нарында өткөн "Шырдак" фестивалы жыйынтыкталды. Жеңүүчү 80 жашта

Нарын шаарында эки күн өткөн “Кыргыз шырдагы-Х” жана “Оймо” фестивалдары жыйынтыкталды. Бул тууралуу Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Нарын шаарындагы Шералиев атындагы искусство мектебинде өткөрүлдү. Биринчи орунга “Сайма шырдак” номинациясы менен Ат-Башы районунун 80 жаштагы тургуну Гүлай Мамбеталиеванын шырдагы татыктуу болуп, 50 миң сом байге менен сыйланды.

Экинчи орунду “Такта шырдак” номинациясы менен Ат-Башы районунун тургуну Орозбүбү Мамбеталиева жеңип алып, 40 миң сом өлчөмүндөгү сыйлыкка ээ болду.

Ал эми үчүнчү орунду “Шырымал шырдак” номинациясы менен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну Салтанат Курманкулова ээлеп, 30 миң сом байгеге арзыды.

Мындан сырткары 3 шырдакка 20 миң сомдон, 4 шырдакка 10 миң сомдон, 4 шырдакка 5 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Benazir08
2021-08-26 20:12:20
1чи орун деп гана бироно гана 100миндей акча анан,калганына баарына бирдей кылып акчалай менен баалаш керек болчу. Бул деген канча энергия канча коздун майы кетти. Оркундой берсин кыргыз аял заты. Сиздерге таазим
+5
Mister-XXX
2021-08-26 23:13:18
Сонун шырдактар экен.Акыркы сүрөттөгү кооз көрүнөт экен.Бирок ак түстө болуп калган.Бат кир болот.Мага биринчи,экинчи анан алтынчы сүрөттөгү шырдактар жакты.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан