Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы эл аралык аэропорттун жанында чыккан жарылуудан кеминде 11 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматка ылайык, жарылуу британиялык күч структурасынын пунктуна жакын жерде орун алган. Анда кеминде 11 адам каза болуп, 15 адам жарадар болгон. Жабырлануучулардын арасында америкалык аскерлер да бар экендиги айтылат.
Белгилей кетсек, буга чейин Кабулдагы эл аралык аэропорттун жанында жарылуу орун алгандыгы жазылган.