Бүгүн, 26-августта Бишкектеги "Манас" кинотеатрында "Шамбала" кинотасмасынын бет ачары болуп өттү. Бет ачар аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, журналист, филология илимдеринин доктору Жылдыз Бакашова, Роза Айтматова, журналист Асель Молдокматова, белгилүү режиссёрлор жана маданият өкүлдөрү катышты.
"Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсүн ар бир каарман ачса боло тургандыгын бүгүнкү тасма далилдеп турат". Мындай пикирин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди.
"Бир кезде күркүлдөп иштеп турган кыргыз фильми жанданып, биринен бири алдыга оозуп жатканы бизди аябай кубандырат. Жазуучунун тереңдиги, "Ак кемеде" айтайын деген ою, улуу философиясы күчтүү кинорежиссёр Артыкбай Сүйүндүковдун колунан чыгып, канча жылдан бери өзүнүн көкүрөгүндө багып келген оюн ушул көркөм тасма менен ишке ашырды", - дейт ал.
"Жалпысынан кинону тартууга бир жыл кетти. Актёрлордун аткаруусу менин купулума толду жана тасма өз максатына жетти деп ойлойм. Ал эми анын кандай болгонун чынында эл өзү баалап алат", - дейт аталган кинонун режиссёру Артыкбай Сүйүндүков.
Тасмада башкы каарман Шамбаланын ролун жараткан Артур Аманалиев келечекте актёр болгусу келгенин айтты: "Мен алгач "Тагдыр" кинотасмасына тартылгам. Андан соң "Шамбала" киносуна тартылууга сунуш түштү. Мен дароо макул болдум. Ал эми ролду жаратууда мага ташта отуруп ыйлаган, сууга чөккөн, ур-токмок жеген учурлар кыйынга турду. Бирок аткарган ролдорум өзүмө жакты", - деп кошумчалады.
Ал эми кино сүйүүчүлөр жалпысынан тасманы кубатташты.
"Тасма жогорку деңгээлде тартылыптыр. Башында мен башкача мааниде тартылды го деп ойлогом. Бирок баланын жан дүйнөсүндөгү күрөш таасын чагылдырылып, башкысы негизги идея сакталыптыр", - дейт көрөрмандардын бири.
Белгилей кетсек, тасма 16-сентябрдан тарта бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.
Эске салсак, Артыкбай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган. Ал буга чейин КМШ чөлкөмүндөгү эң мыкты тасма аталып, Орусиянын “Ника” киносыйлыгын жеңип алган.