Бишкек жана Ош шаарларында 29-августта айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманке жарандардын дүң баада азык-түлүк сатып алуусуна шарт түзүү максатында өткөрүлмөкчү.
Жарманке төмөнкү даректерде өткөрүлөт:
- Бишкек шаары, Киев, И.Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиштеринде.
- Ош шаары (Айыл чарба техникумунун - А.Сүйүнбаев атындагы спорт аянтчасына чейин).
"Жарандарды колдоо максатында дыйкандар айыл чарба продукциясын дүң баада сатышат" деп жазылат маалыматта.