Казакстандын Байзак районундагы аскердик бөлүктөгү жарылуудан 66 адам жаракат алды

Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районунда аскердик бөлүктө жарылуудан 66 адам жаракат алды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жаракат алган 66 адамдын ичинен 11и аскер кызматкерлери. Жарылуу саат 19:00 чамасында болгон.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, аскердик бөлүктөгү складдардын биринде өрт чыгып, андан соң белгисиз предмет жарылган.

Учурда өрт толук чектөөгө алынды. Жабыркагандар Тараз шаарынын шаардык жана аймактык ооруканаларына жеткирилип, аларга медициналык жардам көрсөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Men_ele
2021-08-27 08:35:10
"Предмет" жарылганы жаман болуптур. Өрттү чектөөгө алынып.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан