Бүгүн, 26-августтан тарта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин Кубогунда Жогорку Лиганын экинчи күндүк оюндары өтөт.
Бүгүнкү оюндар, Биринчи Лига - саат 10:00: "Бакубат Талас" - "Сокулук";
Жогорку Лига, саат 11:30: "Кара-Буура" - "Сары-Өзөн".
Саат 13:00: "Жаш-Күч" - "Ала-Тоо".
Баса белгилей кетүүчү жагдай, Көк бөрү федерациясы, Жогорку жана Биринчи лигадан тышкары "Эл аралык" лиганы ачкан. Башка өлкөдөн келген командалар Эл аралык лигада оюн көргөзөт.