Биз социалдык тармакта

Францияга элчи болуп барган Садык Шер-Нияз алгачкы сезимдери менен бөлүштү

Кыргыз өлкөсүнүн Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз ишеним грамотасынын көчүрмөсүн Франциянын Европа жана Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протоколунун башчысы Филипп Франкка тапшырды. Бул тууралуу өлкөнүн Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигинен билдиришти.

Садык Шер-Нияз алгачкы сезимдерин социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Унаасы 5 секундга эрте келди. Так, сүйлөгөнү кыска-нуска. Эл аралык саясаттан, жөнөкөй протоколго чейин (галстукту кайсы жерде тагынбай койсо да болот) илбериңки түшүндүрүп берип отурду. Жылмайган көздөрүнөн эбегейсиз тажрыйба байкалат. Элчиликтин мындан мурунку алакадагы анча-мынча көйгөйлөрүн бир баш ийкөө менен чечип жатты. Франциянын президенти менен 1-2 айдын ичинде жолугарымды айтты. Ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди", - деп жазды Садык Шер-Нияз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан