Кыргыз Республикасынын тышкы иштер
министрлиги, чет өлкөдөгү мекемелер Маданият, маалымат жана туризм
министрлигинин колдоосунда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгын белгилөө үчүн бир
катар коомдук маанилүү маданий иш-чараларды өткөрүштү. Бул тууралуу тышкы иштер
министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Иш-чаралар Орусия, Казакстан,
Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Улуу Британия, Германия, Бельгиядагы
Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелеринде башталды. Жазуучунун 85 жылдыгына
карата “Эскерүү кечелери”, тегерек столдор, окурмандык конференциялар,
форумдар, сынактар, көргөзмөлөр, Кыргызстандын маданият чеберлеринин
концерттери, кыргыз тасмаларын көргөзүү өттү. Москвада Чыңгыз Айтматовго эстелик
тургузулду. Ошондой эле жазуучунун ысымын Анкара шаарынын көчөлөрүнүн бирине
ыйгаруу маселеси макулдашылды. 2013-жылы ноябрь-декабрь айларында мааракелик
иш-чаралардын түрмөгү кызматташтыктын алкагында Түркия, Малайзия, Иран, Сауд
Арабиясы, Япония, Америка Кошмо Штаттары, Индия, Дубай, Кытай, Пакистан,
Германия жана Австрия мамлекеттеринде
уланат.
Автор: Айпери Ганыжан кызы