Бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда дагы 3 кыргыз мушкери коло медаль утту

Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда дагы 3 кыргыз мушкери коло байге утту.

Азия чемпиондугу Дубай шаарында өтүүдө. Кечээ, 26-августта 3 кыргыз мушкери, тагыраагы Баястан Токтосунов, Бексултан Бактыбек уулу жана Зухра Исраилова коло байге утушту. Муну менен Кыргыз курамасы азырынча бул чемпиондукта 6 коло байге утту.

Буга чейинки 3 коло байгени Эмирхан Ражапов, Диербек Тилевалдиев жана Арген Бактыбеков жеңип алышкан.

Ошондой эле 60 килограмм салмакта катышкан Алмаз Орозбеков финалга чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан