Бүгүн, 27-августта президент Садыр Жапаров Молдованын президенти Майя Санданы Молдованын улуттук майрамы Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
"Өлкөлөрүбүздүн өз ара кызматташуусу кыргыз-молдова мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталат деп терең ишенем. Сизге чың ден соолук, бакубаттык жана жоопкерчиликтүү кызматыңызга ийгиликтерди, ал эми Молдованын элине - тынчтык жана өнүгүү каалайм", - деп айтылат куттуктоо жолдомосунда.