Жалал-Абад шаарында коомдук транспорттун жол кире акысы 10 сом болот. Бул тууралуу жүргүнчүлөрдү ташуу муниципалдык автобазанын жетекчиси Искендер Мейманкулов SUPER.KG порталына тастыктады.
"2011-жылы жол кире 6 сом эле. Кийин 7, 8 сомго көтөрүлгөн. А бирок 8 сом болгон учурда 2018-жылы адамдар автобуска түшпөй калып 5 сом болгон. Биз куюп берген солярканы актабай калды. Ошонун негизинде эл менен коомдук угуу өткөрүп, элден 8 сомго көтөрүүнү суранганбыз.
Бирок эл 8 сом эмес, 10 сомго эле көтөрөлү дем демилгелешти. Шаардык кеңештин депутаттары элдин демилгесин колдоп 10 сомго көтөрүп беришти. Ал эми пенсионерлер жана 1-класстан 5-класска чейинки окуучуларга жол кире акысыз", - деп билдирди Мейманкулов.