Кечээ, 26-августта кечки саат жетилер чамасында Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринин жанында өрт чыгып, анын натыйжасында кампада бир катар жарылуулар болгон.
Социалдык тармактарда Жамбыл облусу жарылуудан кийин делген сүрөттөр тарады. Талкаланган имараттар жарылуу болгон аскердик бөлүктүн жанында жайгашкан.